Жаңылыктар

25.04.2024 08:32

   Кароолор: 605

МИНИСТР А. КУРЕНКОВ КЫРГЫЗСТАНДЫК КЕСИПТЕШТЕРИНЕ ЖОЛУГУП, ЫРААЗЫЧЫЛЫГЫН БИЛДИРДИ

Россия Федерациясынын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министри, генерал-лейтенант Александр Куренков Кыргызстандын атынан гуманитардык жардамды Оренбург облусуна жеткирген Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин полковник Алмазбек Асанов жетектеген кызматкерлери менен жолукту.

Министр эң алды менен Кыргызстандын элине жана кыргыз бийлигине терең ыраазычылыгын билдирди.

Маалым болгондой Россия Федерациясынын суу апаатынан жабыркаган Оренбург облусуна Президенттин тапшырмасы менен 350 тонна гумжардам жөнөтүлгөн.

Тамак-аш, кийим-кече, турмуш-тиричилик жана өзгөчө кырлдаалдын кесепеттерин жоюуда керектелүүчү каржаттардын топтомунан турган гумжардам 350 тоннаны түзөт. Жалпы 20 унаага жүктөлгөн жардамдын бир бөлүгү облустун Орск, экинчи бөлүгү Оренбург шаарына бөлүштүрүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу