Жаңылыктар

10.10.2023 17:38

   Кароолор: 751726

МИҢДЕГЕН ӨМҮРЛӨРДҮ АЛГАН АФГАНИСТАНДАГЫ ЗИЛЗАЛА

Дүйнөдө болуп жаткан табигый жана техногендик кырсыктар көз ачып-жумганча алаканыңда. Айталы дегенибиз, кечээ жакында Афганистандын батышында, Герат провинциясынан 40 чакырым алыста күчү 6,4 баллга жеткен зилзала болду.

Учурда жер титирөөнүн курмандыктарынын саны 2 миңден ашкандыгын “Рейтер” агенттиги ошол өлкөнүн Жаратылыш кырсыктарын жөнгө салуу министрлигине таянуу менен билдиришкен.

Жабыркагандардын саны 9240ты түзүп, 1329 турак үй жараксыз экендигин, байланыштар үзүлүп, жолдор жабылгандыктан куткаруучулардын алыскы аймактарга жетүүсү кыйын болуп жаткандыгын электрондук басылмалар билдиришкен. Мында үйлөрү ылайдан курулган жамааттар эң көп жабыр тартып, биринчи жолку силкинүүдө эле тып-тыйпыл кулагандыгын интернет айдыңында айтып чыгышты.

Албетте нечендеген адам өмүрүн алган зилзалага бийик кабаттуу үйлөрдү, имараттарды куруп, архитектурасы өнүккөн башка өлкөлөр да туруштук бере албайт эмеспи. Табият түзүлүшү татаал, кубаттуулугу жогору кыйроолордун алдында адамзаты, жан-жаныбарлар ал тургай, чөйрө да алсыз. Баары кыйрайт...

Ал эми Кыргызстандын борборундагы асман тиреген жаңы курулуштарда сейсмологиялык коопсуздук эрежелери сакталганбы, шаардагы үйлөр эң алды жер титирөөлөргө туруштук береби деген суроо жаралбай койбойт.

Өлкөбүз сейсмикалык жактан кооптуу аймакта жайгашкандыктан, бул маселеге олуттуу карайлы. Сейсмология институту сейсмикалык кооптуулукту аныктаган жаңы карта иштеп, эл жашаган бардык жерлерди сейсмикалык жактан райондоштурууга, жер титирөөнүн деңгээлин аныктоого шарт түзүү зарыл.

Көз жоосун алган имараттардын курулушунда, жаңы конуштарда салынып жаткан үйлөрдө, имараттарда сейсмикалык коопсуздук эрежелердин сакталышын талап кылалы. Анткени элибиздин күнүмдүк жашоосунун 80%ы ушул үйлөрдөн өткөрөт.

Ал эми ӨКМдин куткаруучулары ар кандай кырсыктарга байланышкан окутуу-машыгууларды менчигинин түрүнө карабастан, социалдык мекемелерде, ишканаларда, бала бакчаларда, мектептерде, ЖОЖОдордо байма-бай өткөрүп келет. Машыгууда жабыркаган адамдарга алгачкы жардам көрсөтүү, өзүн-өзү алып жүрүү, эвакуациялык жана башка коопсуздук эрежелерин үйрөтүшөт. Анткени Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттрин жоюудан мурда, алдын алуу алда канча жеңил.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР