Жаңылыктар

28.05.2026 19:22

   Кароолор: 344

МИҢ-КУШТА УРАН КАЛДЫКТАРЫН РЕКУЛЬТИВАЦИЯЛООНУН РАСМИЙ АЯКТАШЫНА АРНАЛГАН СТЕЛА САЛТАНАТТУУ АЧЫЛДЫ

Бүгүн, 28-майда Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш шаарчасында уран калдыктарын рекультивациялоо боюнча ири долбоорду аяктоого арналган мемориалдык стела салтанаттуу ачылды.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде “Росатом” мамлекеттик корпорациясы менен биргеликте уран казып алуудан калган аймактарды рекультивациялоо боюнча КМШнын Мамлекеттер ортосундагы максаттуу программасынын ийгиликтүү аякташына арналган салтанаттуу жолугушуу менен коштолду.

Ага Өзгөчө кырдаалдар министри Чыныбаев Канатбек Койчубекович баштаган жетекчилер жана “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын Эл аралык ишмердик блогунун директору Спасский Николай Николаевич жетектеген делегация катышты.

Иш-чаранын катышуучулары Кыргызстан менен Россиянын биргелешкен иши өлкөнүн гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия аймагынын экологиялык коопсуздугуна чоң салым кошконун белгилешти.

Жолугушуунун алкагында тараптар Жумуштар жыйынтыкталганы жөнүндө протоколго расмий кол коюшту. Ошондой эле 2026–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын аймактарын реабилитациялоо боюнча биргелешкен иш аракеттердин планын бекитишти.

Маалымат катары айтсак, Мамлекеттер аралык программа 2013-жылдан 2025-жылга чейин Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын биргелешкен аракети аркылуу ишке ашырылды. Долбоордун негизинде экологиялык коркунучтар азайып, жергиликтүү тургундардын жашоо шарттары жакшыртылып, аймакты мындан ары өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Дал ушул биргелешкен эмгектин аркасында мурдагы калдык сактоочу жай коопсуз абалга келтирилип, долбоор Кыргызстанда гана эмес, бүтүндөй аймактагы эң ири экологиялык долбоорлордун бири болуп калды.

Мемориалдык стела — Кыргызстандын тоо-кен өнөр жайынын өнүгүү тарыхынын жана Россия Федерациясы менен кызматташтыкка болгон урматтын символу болуп калды. 

Тарыхка кайрылсак, Миң-Куш шаарчасы 1947-жылы уран кенин казып алуу борбору катары негизделген. Кийин шахталар жабылгандан соң бул жерде бүткүл Советтер Союзуна белгилүү болгон кеңсе товарларын чыгарган заводу иштеген. 

Миң-Куш шаарчасында жүргүзүлгөн иштердин алкагында “Как”, “Туюк-Суу” жана “Талды-Булак” калдыктары рекультивацияланды. Кооптуу калдыктар атайын даярдалган “Дальнее” объектисине көчүрүлүп, ал коопсуз абалга келтирилди. 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу