Жаңылыктар

13.06.2024 12:52

   Кароолор: 1113

МИҢ-КУШ: ДҮРБӨЛӨҢГӨ САЛГАН ЖОЛ КЫРСЫГЫ

Үстүбүздөгү жылдын 1-июнь күнү Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылындагы “Туюк-Суу” калдык сактоочу жайынан “Дальнее” калдык сактоочу жайына калдык ташып бара жаткан “Howo” адистештирилген унаасы болжол менен саат 14:15 чамасында Миң-Куш суусундагы көпүрөдөн жол кырсыгына кабылган.

Бул кырсык боюнча журналисттер унаадагы калдык сууга түшүп, жергиликтүү элдин ден соолугуна, экологияга ал эле эмес, дарыя аркылуу коңшу мамлекетке өтсө Кыргызстандын жоопкерчилиги кандай болот деген чочулоо менен маалымат таратышты. Албетте мындай маалымат коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратууда. Мындан улам биз чындыгында эле уран калдыгы дарыяга түшкөнбү?.. Түшсө кандай кооптуулукту жаратат? Ага катар эле беделдүү массалык маалымат каражаттарында тарап жаткан толук эмес маалыматтарга жооп берүү максатында, биздин чыгармачыл топ жеринен тиешелүү адистердин, жергиликтүү тургандардын пикирин чагылдырган атайы чыгарылышын сунуштайбыз.

Маалымат катары берсек, Миӊ-Куш айылындагы, “Дальнее” калдык сактоочу жайынын сыйымдуулугу кеңейтилип, “Талды-Булак” калдык сактоочу жайы көчүрүлгөн. Ал эми “Как” калдык сактоочу жайы ордунда рекультивацияланган.

Учурда “Туюк-Суудагы” зыяндуу калдык “Дальнее” калдык сактоочу жайына көчүрүлүүдө. Жыл аягына чейин рекультивациялык жумуштар толугу менен бүтөрү мерчемделген.

Эгерде тазаланбаса кандай кооптуулук жаралат?

“Туюк-Суу” калдык сактоочу жайынын айланасында жер көчкү жүрүү кооптуулугу бар. Мында жер көчкү жүрүп кетсе, Туюк-Суу дарыясынын нугу жабылып, суунун деңгээли калдык сактоочу жайды жууйт. Ал эми ууланган суу Көкөмеренден Нарын дарыясына өтүп, андан соң Сыр дарыяга куюп, трансчекаралык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жаратышы мүмкүн.

Андыктан Миң-Куштагы калдык сактоочу жайларды зыянсыздандырып, жергиликтүү тургундардын ден соолугуна зыян алып келүүчү факторлорду жоюуга мүмк үнчүлүк түзүлөт. Мындагы элдин жашоосун жакшыртууга, экономикалык туруктуу климат түзүп, аймактан өндүрүлгөн жергиликтүү продукцияны четке чыгарууга жол ачылат. Бул аймактын бай жаратылышын сактап, туризмди өнүктүрө алабыз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу