Жаңылыктар
22.08.2023 11:59
Кароолор: 290789
Мен, мен деп жаштык турганда Мекенге кызмат кылабыз!
Коопсуздук, сактоо, куткаруу,
Ажалды жеңип чыкканы,
Өзгөчө кырдаал учуру
Биздин иш мунун бүт баары.
Милдетти жакшы билебиз,
От, сууга коркпой киребиз,
Ажалга каршы кармашып
Агымга каршы сүзөбүз.
Мекеним ыйык, кымбат жер,
Төгөбүз эл деп чындап тер,
Жалбырттап жаткан оттон да
Жалындуу, күчтүү кызматкер.
Жерге да ылдый түшөбүз,
Азапка чыдап түтөбүз,
Асмандап учам дегенди
Асмандан алып түшөбүз.
Зоолордой бийик урагыс!
Тоолордой бекем кулагыс!
Мен, мен-деп жаштык турганда
Мекенге кызмат кылабыз.