Жаңылыктар
06.03.2024 14:16
Кароолор: 406
МЕКТЕПТЕРДЕ ӨРТ ЖАНА СУУ КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШИ КҮЧӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ ЖҮРҮҮДӨ
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Ленин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан райондогу №74 мектеп- лицейинде “Жарандык коргонуу” күнү өткөрүлдү.
Окуучуларга жана мугалимдерге өзгөчө кырдаал жана түрдүү кырсык учурунда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери тууралуу маалымат берилип, алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттары менен колдонуу практикалык негизде үйрөтүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө имараттан окуучулар эвакуцияланып, жалпы 667 окуучу жана мугалимдер катышты.
Мындай иш-чара Биринчи Май районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан да өткөрүлүп, райондун аймагындагы №19, №41, №54, №78 жалпы билим берүү орто мектептеринде "Өзгөчө кырдаалдар катталганда өзүн-өзү алып жүрүү жана алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттарды колдонуу” темасында окутуу жүргүзүлүп, нускамалар таратылды.
Ошондой эле аталган мектептер суу объекттерине (канал, көлмө) жакын жайгашкандыктан, окуучуларга тоңгон көлмөлөргө жалгыз барып ойнобоого чакырышып, эрежелерди жеткиришти.
Иш чараларга жалпы 530 окуучу жана 143 мугалим катышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР