Жаңылыктар
28.11.2023 11:08
Кароолор: 732
МЕКТЕП ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ БОЮНЧА БИЛИМ АЛЫШТЫ
Өткөн аптада ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын офицерлери “Өзгөчө кырдаалдар жана аларды алдын алуу” аталышында сабак өтүштү.
Окутуу облустагы Билим берүү институтунун окутуучулары жана район-шаарлардын мектеп директорлорунун арасында жүргүзүлүп, мугалимдердин жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу жаатында билимдерин жогорулатууга багытталган.
Белгилей кетсек, мындай сабактар буга чейин облустук дене тарбия мугалимдеринин жана машыктыруучуларынын арасында өткөрүлгөн.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР