Жаңылыктар

23.02.2024 09:07

   Кароолор: 110

МЕКЕНДИ КОРГООЧУЛАР КҮНҮНӨ КАРАТА ӨКМдин КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ

23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов өз тармагынын өнүгүшүнө кошкон салымы, жигердүү имшердиги жана талыкпаган эмгектери үчүн бир катар кызматкерлерге Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын, «КР Жогорку Кеңешине 85 жыл» юбилейлик медалдарын жана Ыраазычылык каттарды тапшырды.

Куттуктоо сөзүндө депутат Улан Примов мекен чегинде турган аскер кызматкерлерине, өзгөчө кырдаалдардагы куткаруу иштеринде эрдик көрсөткөндөргө терең ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, "КР Жогорку Кеңешине 85 жыл" юбилейлик медалы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен:

майор Авазбеков Жанарбек Жолдошбекович – Оорук башкармалыгынын улук офицери;

КР Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен

подполковник Топчибаев Сапарбек Кахарович — Ош шаары боюнча башкармалыгынын кадр жана тарбия иштери бөлүмүнүн башчысы;

майор Ашакеев Темирлан Сапарович — Өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын ченемдик - техникалык иштөө жана өрттү иликтөө бөлүмүнүн улук офицери;

капитан Капаров Темирлан Жаныбекович — Укуктук камсыздоо жана коррупциянын алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары - ченем жаратуу бөлүмүнүн башчысы сыйланышты.

Сыйлыктар Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлерине тапшырылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу