Жаңылыктар
25.11.2024 15:10
Кароолор: 681
МЕКЕН ҮЧҮН ӨМҮРҮМДҮ АЯБООГО АНТ БЕРЕМ!!
Өткөн апта соңунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда жаңы чакырылыштагы жаш жоокерлердин ант берүү салтанаты болуп өттү.
Аскерлердин антын кабыл алган өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамырканов борбордун тарыхына кенен токтолуп, аскердик бөлүк түзүлгөндөн бери миңдеген эр азаматтар тарбияланып, мекенди коргоого жана кырсыкка кабылган жарандарды куткаруу ыкмаларына үйрөнүп келишкенин айтып берди. Анын айтымында, аскерлерге өзгөчө мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, ар бир жоокердин кийген кийиминен баштап, тамак-ашы, социалдык-санитардык шарттары жана коопсуздугу көзөмөлгө алынган. Бул жагынан ата-энелер балдарынан кабатыр болуусуна эч кандай негиз жок экенине токтолду.
Борборго келген жаш жоокерлер аскердик жалпы даярдыктан өтүп, куткаруучулуктан тышкары министр, генерал-майор Бообек Ажикеевдин демилгеси менен 3 жылдан бери ширетүүчү, электрик-газ ширетүүчү, темир уста адистиктерине жана тил үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Алсак, Москва районундагы №28 кыргыз – орус кесиптик билим берүү лицейинен устачылык өнөрүн үйрөнүшсө, буга кошумча атайын англис тилин окушат.
Аскердик милдетин өтөгөн соң, каалоосу бар жоокерлер борбордо калып аскердик кызматын улантууга, Жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар багытында Казакстан, Россия өлкөлөрүндө мамлекеттин эсебинен окуп, билимин жогорулатып келүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Белгилей кетсек, өткөн жылы кабыл алынган 76 аскер быйылкы жылдын октябрь айында узатылып, кайрадан жаңы мөөнөткө 77 аскердин анты кабыл алынды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР