Жаңылыктар
07.09.2023 12:39
Кароолор: 378
Мекемелерге пландык текшерүүлөр жүргүзүлдү
КРнын Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин Өрттү көзөмөлдөө кызматына караштуу Бишкек шаары жана Чүй облусундагы башкармалыктардын адистери Ички иштер министрлигинин, Санариптик өнүктүрүү министирлигине караштуу бардык мекемелерине пландык текшерүү жүргүзүштү.
Имараттардын ичинде жайгашкан алгачкы өрт өчүрүү жабдыктарынын иштөө абалы, жайгашкан орду, эвакуация пландары, суу түтүктөрүнүн иштөөсүү жана башка өрт коопсуздугун камсыздоо эрежелерине тиешелүү ждабдыктары текшерилди.
Мекемелерге пландык текшерүү жүргүзүүнүн алкагында кандайдыр бир мыйзам бузууларга тийиштүү АКТ түзүлүп, кемчиликтерди жоюуга бир айлык мөөнөт менен эскертүү берилди.
Эгерде кайрадан текшерүүнүн жыйынтыгында өрт коопсуздугу камсыздалбаса, кемчиликтер калыбына келтирилбесе мыйзам чегинде айып пул салынат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР