Жаңылыктар
21.05.2026 10:45
Кароолор: 109
МЕДИЦИНАЛЫК БОРБОРЛОРУНУН БИРИНДЕ ӨРТ КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА ТЕКШЕРҮҮ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү көзөмөлдөө кызматы тарабынан Бишкек шаарындагы медициналык борборлорунун биринде өрт коопсуздугу боюнча текшерүү жүргүзүлдү.
Өрт кырсыктарынын алдын алуу, адам өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында жүргүзүлгөн контролдук текшерүүдө, өрт коопсуздук талаптарынын аткарылбагандыгы жана айрым бузуулардын калыбына келтирилбегендигине байланыштуу КР Укук бузуулар кодексинин 143-беренесине ылайык айып пул салынды. Буга чейин бул мекемеде пландык текшерүү жүргүзүлүп, калыбына келтирүү боюнча көрсөтмөлөр берилген.
Белгилей кетсек, мындай текшерүүлөр 2026-жылга карата мамлекеттик мекемелердин имараттарында жана курулмаларда текшерүүнү уюштуруу жана ишке ашыруу боюнча иш планына ылайык атайы буйруктун негизинде өткөрүлүп жатат.