Жаңылыктар
30.06.2026 20:44
Кароолор: 238
МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КҮНҮНӨ КАРАТА ӨКМ САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИНЕ ТОГУЗ ТЕЗ ЖАРДАМ УНААСЫН ӨТКӨРҮП БЕРДИ
Кыргыз Республикасынын Медицина кызматкерлеринин күнүн утурлай Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Саламаттык сактоо министрлигине тогуз тез медициналык жардам унаасын өткөрүп берди.
Унааларды тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жана Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов катышты.
Саламаттык сактоо министри көрсөтүлгөн колдоо үчүн ӨКМдин жетекчилигине жана жамаатына ыраазычылык билдирип, жаңы унаалар медициналык кызматтардын мобилдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берерин жана калкка тез медициналык жардамды өз убагында көрсөтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
