Жаңылыктар
27.03.2024 10:02
Кароолор: 724
МАШЫГУУНУН МАКСАТЫ – КООПСУЗ ӨМҮР СҮРҮҮ
Кечээ, 25-мартта ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынын Жумгал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары Жарандык коргонуу күндөрүн өткөрүштү.
Атайын түзүлгөн негизги иш-чаралар планынын алкагында Жумгал районундагы Куйручук айылынын А.Сулайманов атындагы орто мектебинде табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдардын, алдын алууну мектептин окуучуларына жана мугалимдер курамына түшүндүрүштү.
Ошондой эле табигый кырсыктар учурунда өзүн-өзү алып жүрүү, эвакуация, кайсыл жерде болбосун коопсуздук эрежесин сактоо тууралуу видеороликтер окуучуларга көрсөтүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР