Жаңылыктар

17.04.2025 11:20

   Кароолор: 84

МАШЫГУУНУН ЭКИНЧИ КҮНҮ... ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ТЫГЫЗ КЫЗМАТТАШТЫКТА ИШТӨӨСҮ

Биргелешкен машыгуунун экинчи күнү Нарын облусунун администравдик имаратында уланды.

Жыйынга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, Нарын дубанынын башчысынын орун басары Адыл Сапаров баш болгон облустагы Жарандык коргонуу тутумдарынын өкүлдөрү, штабдын мүчөлөрү катышып жатышат.

ӨКМ башында турган командалык-штабдык машыгууда жер титирөөдө жабыркаган райондордун абалына баа берүү, аларга жардам көрсөтүү, эвакуациялоо, издеп-куткаруу иштери, документтерди алып баруу тартиби өзгөчө кырдаалдарга жакын шартта аткарылып жатат.

3 күндүк командалык-машыгууда табигый жана техногендик кырдаалдар учурунда Жарандык коргонуу кызматтарынын облустук башкаруу органдарынын бири-бири менен тыгыз байланышта иштөөсү, ар бир кызматтын даярдыгы каралууда.

Белгилей кетсек, 16-апрелде машыгуунун алкагында райондогу жаздын күнкү сел каптоонун алдын алуу, сел өтүүчү сайлардын нугун тазалоо, дарыялардын нугун буруу иштерин көрүп, изилдөө иштерин жүргүзүштү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу