Жаңылыктар
18.04.2025 15:00
Кароолор: 768
МАШЫГУУНУН АЛКАГЫНДА БАТКЕН ШААРДЫК ӨКБнүн ДАЯРДЫГЫ БААЛАНДЫ
16-18-апрель күндөрү өтүп жаткан машыгуунун алкагында КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрү, анын ичинде Баткен шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү да өз даярдыгын көрсөттү.
Куткаруучулар аткарып жаткан жумушу, күжүрмөн даярдыгы, заманбап куткаруу шаймандары менен шаар аймагында өрт жана башка кырсыктардын алдын алуу, коопсуздукту камсыздоо багытында өз милдетин өтөп келет.
Өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын ары жооптуу, ары сыймыктуу жумушу дал ушундай машыгууларда практикалык иштер аркылуу бышыкталат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР