Жаңылыктар

05.05.2024 15:04

   Кароолор: 168

МАНКА-ЖАР КОКТУСУНДАГЫ СЕЛ ТОСМОДО СУУНУН ДЕҢГЭЭЛИ ТУРУКТУУ

ӨКМ кызматкерлери көзөмөлгө алууда

Бүгүн, 5-май күнү жааган жаанга байланыштуу, Бишкектин түндүк-батыш тарабындагы Боз-Бөлтөк тоосунда жайгашкан Маңка-Жар коктусундагы сел тосмодогу суунун көлөмү көзөмөлгө алынууда.

ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы, подполковник Эрнест Жусуповдун тапшырмасы менен Бишкек шаарындагы райондордо селдин жүрүшүнө жол бербөө жана алдын алуу максатында тиешелүү тапшырмалар коюлду.

Ага ылайык, райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери жеринде көзөмөл жүргүзүп, жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте керектүү мотопомпа жана башка шаймандарды даярдыкта кармап турушат.

Ал эми башкармалыктын Ленин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкери берген маалыматка ылайык, Маңка-Жар коктусунда абал туруктуу.

Белгилей кетсек, аталган сел тосмодо 8-апрелден бери механикалык тазалоо иши жүрүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу