Жаңылыктар
26.03.2025 16:03
Кароолор: 196
МАҢКА-ЖАР КОКТУСУНДАГЫ СЕЛ ТОСМОДО АБАЛ ТУРУКТУУ
24-25-март күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам Бишкектин түндүк-батыш тарабындагы Боз-Бөлтөк тоосунда жайгашкан Маңка-Жар коктусундагы сел тосмодо суу толуп, учурунда куткаруучулар тарабынан тазаланган.
Тазалоо иштери ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Ленин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, мотопомпа менен 5100 метр куб суу сордурулган.
Аталган сел тосмо ӨКМдин кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынып, маал-маалы менен тазаланып турат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР