Жаңылыктар

04.12.2024 18:40

   Кароолор: 160

МАНАСТАЙ БОЛ КЫРГЫЗЫМДЫН ЖИГИТТЕРИ!

4-декабрь – Манас күнү. “ “Манас” – дүйнөгө мактана турган биздин руханий паспортубуз”, - деп залкар жазуучу Чынгыз Айтматов таасын белгилеген. Андан биз кыргыз маданиятын, каада-салтты, жаратылышка болгон аяр мамилени, жаштарды мекенчилдикке, ар-намыстуулукка тарбиялаган саптарын окуйбуз.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын колдоо максатында ататйын иш-чаралар байма-бай уюштурулуп турат.

Атай кетсек, “Манас” күнүнө карата алдын ала Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу облустук жана шаардык башкармалыктарында эпостун тарбиялык маанисине көңүл бурулган иш-чаралар күз айларында алдын ала өткөрүлдү.

Ал эми ӨКМдин борбордук аппаратында буга чейин жаш манасчылар манас айтып, куткаруучулардын кызыгуусун жаратса, 26-ноябрда “Манас” күнүн утурлай манасчы Нурбек Талантбеков куткаруучуларга “Айкөлдүн ааламы” аталышында мааниси терең сабагын өттү.

Манасчы эпостун маанисин, кыргыз элинин нарк-насилинен, кыргыз сөздөрүнүн байыркылыгынан, жигиттердин мекенчилдиги, душмандардан элин-жерин коргоп казатка чыккандыгынан кеп салып, эпостогу куткаруучулук саптарын айтып берди.

Анын айтымында, ар биринин, ар бир жердин, ар бир илимдин ал тургай, жылкычынын да өз “Манасы” бар. Эпостун көп кырдуулугун, сөздүн чеберин, таалим-тарбиянын, элчилик эрежесин ал тургай, гендердик теңчиликти, балдарды эрезеге жеткирүүнү табууга болот. Манас керек болсо, душмандарынын кыздарына да сый-урмат менен аяр мамиле көрсөткөн саптарынан мисал келтирди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу