Жаңылыктар

22.05.2026 23:52

   Кароолор: 61

МАНАС ШААРЫНДАГЫ СЕЛ КАПТАГАН ТУРАК ЖАЙЛАР ТАЗАЛАНУУДА

2026-жылдын 22-май күнү болжол менен саат 19:00 чамасында жааган нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Манас шаарындагы Барпы, Сейил жана Токтогул көчөлөрүндө жайгашкан турак үйлөрдүн короолорун сел суулары каптап жаткандыгы тууралуу маалымат ӨКМдин 112 кызматына түшкөн.

Аталган маалыматтын негизинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Манас шаардык жана Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнө “Айгай” сигналы жарыяланып, куткаруучулар жана тиешелүү жарандык коргонуу кызматтары окуя болгон жерге тартылган.

Кырсык болгон аймакка: – ӨКМден 73 куткаруучу 8 мотопомпа;

– шаардык жарандык коргонуу кызматтарынан 151 кызматкер;

– 9 даана техника тартылды.

Жалпы: 292 адам жана 9 техника күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Алдын ала маалымат боюнча, 14 турак жайды, 4 социалдык объекти суу каптаган.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу