Жаңылыктар
22.05.2026 23:49
Кароолор: 32
МАНАС ШААРЫНДА НӨШӨРЛҮҮ ЖААНДАН УЛАМ БИР КАТАР ОБЪЕКТИЛЕРДИ СУУ КАПТАДЫ
2026-жылдын 22-май күнү саат 19:10 чамасында жааган нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Манас шаарындагы Барпы Сейил, Эркиндик, Курортная жана Токтогул көчөлөрүндө жайгашкан турак үйлөрдүн жана чарбалык курулмалардын короолорун жаан суулары каптады.
Алдын ала такталган маалымат боюнча:
24 турак үйдүн короосун сел суулары каптаган;
анын ичинен 3 турак үйдүн ичине жана 1 турак үйдүн жер төлөөсүнө суу кирген;
2 социалдык объект жабыркаган:
3 мекеменин короосуна суу кирген:
5 соода түйүнү сел сууларынан жабыркаган:
Жалпы:
338 адам;
14 бирдик техника;
8 мотопомпа тартылып, учурда селдин кесепеттерин жоюу жана тактоо иштери улантылууда.
Аткарылган иштер (саат 23:00гө карата).
3 турак жайга кирген сел суулар коопсуз аймакка чыгарылды.
Белгилей кетсек бул күнү Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука,Сузак райондорунда жана Таш-Көмүр, Манас шаарларында сел жүрүп, ички чарбалык жолдорду, көпүрөлөрдү, турак жайларды сел суулары каптаган, белгиленген аймактарды Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов тарабынан кординациялоо жумуштары жүрүүдө.
Кошумча маалымат берилет.