Жаңылыктар

22.05.2026 23:49

   Кароолор: 16

МАНАС ШААРЫНДА НӨШӨРЛҮҮ ЖААНДАН УЛАМ БИР КАТАР ОБЪЕКТИЛЕРДИ СУУ КАПТАДЫ

2026-жылдын 22-май күнү саат 19:10 чамасында жааган нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Манас шаарындагы Барпы Сейил, Эркиндик, Курортная жана Токтогул көчөлөрүндө жайгашкан турак үйлөрдүн жана чарбалык курулмалардын короолорун жаан суулары каптады.

Алдын ала такталган маалымат боюнча:

▪️24 турак үйдүн короосун сел суулары каптаган;

▪️анын ичинен 3 турак үйдүн ичине жана 1 турак үйдүн жер төлөөсүнө суу кирген;

▪️2 социалдык объект жабыркаган:

▪️3 мекеменин короосуна суу кирген:

▪️5 соода түйүнү сел сууларынан жабыркаган:

Жалпы:

✅338 адам;

✅14 бирдик техника;

✅8 мотопомпа тартылып, учурда селдин кесепеттерин жоюу жана тактоо иштери улантылууда.

🛠 Аткарылган иштер (саат 23:00гө карата).

3 турак жайга кирген сел суулар коопсуз аймакка чыгарылды.

Белгилей кетсек бул күнү Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука,Сузак райондорунда жана Таш-Көмүр, Манас шаарларында сел жүрүп, ички чарбалык жолдорду, көпүрөлөрдү, турак жайларды сел суулары каптаган, белгиленген аймактарды Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов тарабынан кординациялоо жумуштары жүрүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу