Жаңылыктар

12.04.2025 15:08

   Кароолор: 341

МАНАС, БАКАЙ-АТА РАЙОНДОРУНДА ЖАҢГАК жана ТЕРЕК КӨЧӨТТӨРҮ ЭГИЛҮҮДӨ

КР Президенти Садыр Жапаров демилгелеген «Жашыл Мурас» программасынын алкагында бүгүн, 12-апрелде Талас токой чарбасынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамдары менен Талас облусунун Манас районундагы Семетей айыл аймагынын Арал айылында тескей бетине 15 га жер аянтына 4000 түп жаңгак көчөт отургузуу иш-чарасы уюштурулууда.

Ошондой эле Бакай-Ата районунун Акназар айыл аймагынын Түйтө айылындагы 2,5 га жер аянтына 850 дана терек тигилүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу