Жаңылыктар

01.09.2024 10:04

   Кароолор: 371

МАМЛЕКЕТТИН ЭГЕМЕНДҮҮЛҮГҮНҮН 33, КАРА-КЫРГЫЗ АВТОНОМДУУ ОБЛУСУНУН 100 ЖЫЛДЫГЫНДА ТЕХНИКАЛАР ПАРАДЫНАН КӨЗ ИРМЕМДЕР

Жалындаган өрт менен күрөшүүдө жана авариялык куткаруу иштерин аткарууда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эгемендүүлүктүн тарыхында болуп көрбөгөндөй ири көлөмдөгү техникалар менен толукталды. Алынган 730дан ашуун ар кандай максаттагы техникалар түрдүү кырсыктардын алдын алууда, адам өмүрүн сактоодо орду эбегейсиз. Республикалык бюджеттен инженердик техникалар, тик учактар жана куткаруу шаймандары алынды. Дүйнө мамлекеттери менен алака туруктуу жолго түшүп, гранттык негизде заманбап техникалар келди.

АВАРИЯЛЫК-КУТКАРУУЧУ ХОВО ҮЛГҮСҮНДӨГҮ УНАА

Аянтта келе жаткан "Хово" үлгүсүндөгү унаа куткаруучу күжүрмөн эсепти жана куткаруу каражаттарын өзгөчө кырдаал болгон аймакка жеткирүү, авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерин жүргүзүүгө багытталган. Унаа лебедка, бортунда көтөрүүчү кран, керектүү шаймандары, электр генератору (220 В, 380 В) жана жарык берүүчү система менен жабдылган. Куткаруу кызматынын ыкчамдыгын жана натыйжалуулугун арттырган унаа болуп саналат.

8 ТОННАЛЫК ХОВО-СКАЙТРАК ҮЛГҮСҮНДӨГҮ АВТОЦИСТЕРНА

Аянтта келе жаткан "Хово" үлгүсүндөгү өрт өчүрүүчү унаага 8 тонна суу, 300 литр көбүк батып, секундасына 60 литрге чейин суу бере алат. Ар кандай татаал шартта чыккан тилсиз жоонун жалынын ыкчам өчүрүүдө мындай кубатуу техникалардын саны 100дөн ашуун алынып, өлкөнүн аймактарына таратылды. Алыскы, жолу татаал калктуу конуштарда жана өндүрүштүк объекттилерде өрттү өчүрүүгө, күжүрмөн эсепти жана өрт-техникалык каражаттарды жеткирүү, ачык резервуар же суу булактары жок жерлерге суу жана көбүк берүүгө багытталган унаа.

МЕРСЕДЕС АКТРОС XCMG (АВТО ЧЫКАНАК КӨТӨРГҮЧ) АКП-54 жана ИСУЗУ (АВТОШАТЫ)

Көп кабаттуу асман тиреген имараттарда чыккан өрттүн очогунан адам өмүрүн сактап калууга жана өрттү өз убагында өчүрүгө эң зарыл болгон заманбап 3 автошаты алынды. Аталган унаанын жардамы менен

16 кабаттуу үйлөргө тагырагы 54 м бийиктикке чейин жетип, өрттү өчүрүүгө жана жарандарды коопсуз эвакуациялоого болот. Эң башкысы бул аракеттерди аралыктан башкарууга ылайыкташкан.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу