Жаңылыктар
24.04.2026 20:41
Кароолор: 116
МАМЛЕКЕТТИК ЖАРАНДЫК КЫЗМАТКЕРДИН ЭТИКАСЫ...
23-апрелде КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында мамлекеттик жарандык кызматкерлердин этикасы тууралуу окутуу өттү.
Министрликтин этика комиссиясы уюштурган жыйын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексинин” негизинде өтүп, кызматкерлерге жүрүм-турум эрежеси түшүндүрүлдү.
Мыйзамга ылайык ызматчынын сырткы көрүнүшү иштиктүү стилге ылайыкташып, жүрүм-туруму, маданияты, адамдар менен пикир алышуусу, кызматкерлерге карата сый мамиле жана милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаруу талкууланды.
Кызматкерлер кесиптештерге карата улууга урмат, кичүүгө ызаат көрсөтүү, сый мамиледе болууну, мыйзамдагы эрежелерди сактоо сунуштарын беришти.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
https://www.facebook.com/share/r/1AsCrB8EG2/