Жаңылыктар
04.12.2024 17:10
Кароолор: 796
МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН 35 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН СЫНАКТА ӨКМ КЫЗМАТКЕРИ ЖЕҢҮҮЧҮ АТАЛДЫ
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына карата мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында жарыяланган төрт айлык сынактын үчүнчү этабы ийгиликтүү аяктады. Аталган сынакта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Оорук башкармалыгынын башчысы, полковник Георгий Першин жеңүүчү аталды.
III этаптын видеороликтери Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз жараны» концепциясына арналып, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдөрүн көргөзүштү. Видеоматериалдар мекемелердин расмий баракчаларына жарыялангандан кийин катышуучулар жазуу тапшырмаларын аткарышты.
Сынактын жеңүүчүлөрүнө 3-декабрда Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев жана мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкон жеке ишкер Мирлан Мамат уулу Алкыш баракчаларды жана заманбап планшеттерди тапшырды.
Сынакка Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атынан катышкан Георгий Першин Георгиевич тууралуу видеоматериалды төмөнкү шилтеме аркылуу көрсөңүз болот
https://www.facebook.com/share/v/1A4KXmFJSJ
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР