Жаңылыктар

27.10.2023 10:40

   Кароолор: 854

МАМЛЕКЕТТИК МАТЕРИАЛДЫК РЕЗЕРВДЕР ФОНДУ ӨЗ КАРАЖАТЫНА УНААЛАРДЫ САТЫП АЛДЫ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду өз каражатына атайы унааларды сатып алды.

Фонд өлкөдөгү азык-түлүктүн коопсуздугун жана корун сактап, баага болгон туруктуулукту жөнгө салып турат. Ал эми унааларды салтанатуу тапшыруу аземине Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев жана фонддун кызматкерлери катышты.

Техникалык базаны чыңдап, республиканын бардык аймактарына азык-түлүктөрдү өз убагында, сапаттуу жеткирүү үчүн 3 портер, 3 спринтер, 5 жүк ташуучу электр унаалары сатылып алынды. Муну менен гана токтоп калбастан фонд келечекте кошумча адистештирилген техникаларды алууну пландаштырууда.

Иш-чарада министр Бообек Ажикеев: «Өлкөбүздө 2022-2023-жылдары орун алган Баткендеги чек ара коогалаңында Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун кызматкерлери чыныгы мекенчилдигин көрсөтүп, жабыр тарткан элибизди, аскерлерибизди эң зарыл болгон азык-түлүк менен камсыздашты. Кыйчалыш учурда элди эвакуациялаган унааларды тонналаган күйүүчү май менен жабдышты.

Өзгөчө баса белгилей кетсем, буга чейин Мамлекеттик материалдык резервдер фондусу коррупциялашып, саналуу адамдардын чөнтөгүн толтуруп келген. Ал эми акыркы 3 жылда жеткчиликтин аракети менен бул фонд элибиз үчүн кызмат кыла баштады. Натыйжада сиздердин иштөө шартыңыздар жакшырып, мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, жаңы техникалар алынууда”, - деп баса белгиледи.

Фонд өзүнүн тапкан каражатын заманбап типтеги кампаларды курууга жумшоодо. Учурда республиканын түштүгүндө жер тилкелери бөлүнүп, курулуш ишин баштоо алдында турушат. Ал эми өлкөнүн түндүгүндө фонддун базасынын аймагына жергиликтүү калкты ун менен камсыз кыла турган заманбап тегирмен комплексин куруу пландаштырылууда. Ошондой эле азык-түлүктөрдүн сапаттуу сакталышын камсыздаш үчүн учурдагы кампалар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан белгиленген баалар боюнча ички рынокту толтуруу, турукташтыруу максатында жана андан ары сатуу үчүн Фонд тарабынан 2021-2023-жылдары буудай, кумшекер, өсүмдүк майы, дизелдик отун тез аранын ичинде сатып алынган. Бул өз кезегинде базарда сатуучулардын бааларды кескин көтөрүп жиберүүсүнүн алдын алды.

Азыркы учурда Фонддун жооптуу сактоочу ишканалары жана райондук мамлекеттик администрациялар аркылуу республиканын бардык аймактарында азык-түлүктөрдү төмөнкү баалар боюнча сатууну улантууда.

Ага ылайык, 1 кг кумшекердин баасы - 65 сом, 1 литр өсүмдүк майынын баасы - 95сом, 1-сорттогу ун - 25сом, 2-сорттогу ундун баасы - 17 сомдү түзөт.

Ошондой эле күйүүчү-майлоочу майлардын кымбатташына байланыштуу айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жазгы жана күзгү талаа иштерин өз убагында жүргүзүү үчүн алдын ала жетиштүү көлөмдө дизелдик отун сатып алынып, базар баасынан төмөн баада, 1 литри 63,5 сомдон сатылууда.

Ага катар эле дүйнөдөгү геосаясий абалдан улам акыркы 3 жылда Кыргызстанга азык-түлүк товарларынын негизги импорттоочулары болуп саналган Россия, Казакстан сыяктуу коңшу мамлекеттер тарабынан чектөөлөр киргизилген. Ошондой эле климаттык өзгөрүүгө байланышкан кургакчылык өлкөнүн ичинде, чет өлкөлөрдө да сугат суунун жетишсиздигинен улам, азык-түлүк товарларынын кескин тартыштыгы байкалган. Буга байланыштуу аталган фонд өлкөдө азык-түлүктүн коопсуздугун туруктуу сактап, жетиштүү көлөмдү камсыздоону көтөрө алышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу