Жаңылыктар

10.12.2024 14:51

   Кароолор: 547

МАМЛЕКЕТТИК ИПОТЕКАДАГЫ ҮЙЛӨРДҮН ӨРТ КООПСУЗДУГУ ТЕКШЕРИЛДИ

Кечээ, 9-декабрь күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү көзөмөлдөө кызматы Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын борбордогу Скрябина көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу 7 блоктон турган үйлөрдүн өрт коопсуздугун текшеришти.

Анда 15 кабаттуу тапшыруу алдында турган үйлөрдүн комплекстүү өрт өчүрүүчү жана коопсуздук шаймандары, гидранттар, эвакуциялык пландары, кырсык катталганда белги берүүчү үн сигналдары жана иш кагаздары текшерилди.

ӨКМге караштуу Өрттү көзөмөлдөө кызматынын башчысы белгилегендей унаа кирүүчү жолдору да бардык талапка ылайык салынып жатканын айтып өттү.

Белгилей кетсек, бул 7 блоктон турган 15 кабаттуу үйлөр жакында кезекте турган 549 адамга тапшыруу алдында турат.

Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын төрагасы Темиркул Балтабаев текшерүү иштерине өзү катышып, үйлөрдү өрт коопсуздук эрежелерине ылайык салынып жатканын көрсөттү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу