Жаңылыктар

25.12.2024 11:51

   Кароолор: 458

МАЙРАМДЫ КЫРСЫККА АЙЛАНДЫРБАЙЛЫ

Жаңы жылдык майрам күндөрүндө өрт кырсыктарынын алдын алуу максатында ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын куткаруучулары облус аймагында үгүт-насаат иштерин күчөтүлгөн тартипте алып барууда.

Алсак, Балыкчы, Каракол шаарларында жана Тоң районунда пиротехникалык каражаттарын сатуучуларга өрт коопсуздук эрежелерин түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ал эми Жети-Өгүз, Түп, Ак-Суу, Ысык-Көл райондорунда өрт коопсуздугу боюнча үгүт-насаат иштери өттү.

Бул иш-чара облус аймагында өрт коопсуздугун күчөтүү, жаңы жылдык майрамды коопсуз өткөрүү максатында улантыла бермекчи.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу