Жаңылыктар
30.08.2026 12:57
Кароолор: 25
«МАДИНА» БАЗАРЫНДА ЧЫККАН ӨРТТҮ ӨЧҮРҮҮГӨ 10 КҮЖҮРМӨН ЭСЕП ТАРТЫЛДЫ
2026-жылдын 30-августунда Бишкек шаарынын Свердлов районунда алдын ала маалымат боюнча, «Мадина» базарында контейнерден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 10 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Жеринде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев координациялоо иштерин жүргүзүүдө.
Мындан сырткары, өрт катталган аймактагы жабык контейнерлерди ачуу иштерин жүргүзүүгө ӨКМдин Куткаруу кызматынан кызматкерлер тартылган.
Ошондой эле жеринде «Тазалык» ишканасынан 3 суу ташуучу унаа жана тез жардам кызматынан 3 бригада иш алып барууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ