Жаңылыктар

11.06.2024 19:33

   Кароолор: 255

МАДАНИЙ МЕКЕМЕЛЕРДЕ ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ САКТАЛУУСУ ЗАРЫЛ

Өрт кырсыгы - бул өтө чоң материалдык чыгымдарды алып келип, кээ бир учурларда адамдын өмүрү менен коштошот. Кырсыктын алдын алуу үчүн өрттү алдын алуу, сактоо чаралары каралышы керек.

Менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жетекчилери өрт коопсуздугун сактоого алгачкы жоопкер болот.

Маданий иш-чараларды (кечелер, , спектаклдер, концерттер, киносеанстар) баштоо алдында имараттардын өрткө каршы режимин, эвакуациялык жолдор жана эшиктер, өрт коопсуздугун сактоо эрежелердин талаптарына ылайык келишин кылдаттык менен текшерүү зарыл.

Ошондой эле маданий иш-чараларды өткөрүүнүн башында турган жетекчи өрт өчүрүү, байланыш жана өрт автоматикасынын каражаттары ордунда жана оң болушуна ынанууга тийиш.

ӨКМге караштуу ӨККнын 2024-жылдын 13-мартында 01-09/30 буйругунун негизинде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министирлигине караштуу мекемелерде өрттүн алдын алууга багытталган өрт коопсуздугунун ченемдерин, эрежелеринин жана талаптарын аткарылышын камсыздоо үчүн ӨККнын Бишкек жана Чүй облусу боюнча башкармалыктын кызматкерлери тарабынан иш-чаралар жүргүзулгөн.

Адам өмүрүн тобокелге салбоо үчүн маданий мекемелер текшерилип, 72000 сомго административдик айып салынды. Аталган мекемелерге ыктыярдуу өрт кошуундары менен машыгуулар жана практикалык сабактар өтүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу