Жаңылыктар
24.10.2023 17:22
Кароолор: 879
КЫЗМАТКЕРЛЕР МЕНЕН СТУДЕНТТЕРГЕ ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ ҮЙРӨТҮЛДҮ
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын
Ленин райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан "Берекет" ЖЧК административдик-тиричилик комплексинин кызматкерлерине “өрт коопсуздугу жана өзгөчө кырдаал катталган учурундагы иш-аракеттер” деген темада нускама өткөрүлдү.
Анда баштапкы өрттү өчүрүү каражаттарын колдонуу, коопсуздук эрежелери, кырсыктын алдын алуу боюнча маалымат берилип, иш-чарага жалпы 45 кызматкер катышты.
Ушул эле бөлүмдүн кызматкерлери мындан сырткары №100 кесиптик лицейнде өрт тактикалык машыгуу өткөрүштү.
Машыгууда эвакуациялоо ыкмалары, ар кандай өзгөчө кырдаалдарда жүрүм-турум эрежелери, өрт коопсуздугу тууралуу жана өрт өчүрүүчү каражаттары менен туура колдонуу ыкмалары көрсөтүлдү. Жалпысынан иш-чарага 300 окуучу жана мугалимдер катышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР.