Жаңылыктар

04.03.2024 15:21

   Кароолор: 392

КЫТАЙ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДА ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ

КЫТАЙ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДА ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ

 

КР УИАнын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 13:54тө Кытай Эл Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда (φ = 41° 14´ с.ш. λ = 78° 34´в.д.) күчү 5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылында 3,5 балл, “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 3 баллга (Бедел айылынан 35 чакырым түштүк чыгышта, “Кумтөр Голд Компани” ишканасынан 85 чакырым түштүк чыгышта, Каракол шаарынан 138 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу