Жаңылыктар

21.11.2024 13:40

   Кароолор: 112

КЫШКА ДАЯРСЫЗБЫ? ЫСЫК-КӨЛ: ЧОҢ-АШУУ АШУУСУНДАГЫ ЖЫЛЫТУУ ПУНКТУНУН ДАЯРДЫГЫ КАРАЛДЫ

Күз-кышкы жылытуучу мезгилге даярдык көрүүнүн алкагында ӨКМдин Ак-Суу району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери Каракол – Эңилчек автоунаа жолун тейлеген ДЭУ-11 ишканасынын Чоң-Ашуу ашуусундагы жылытуу пунктунун даярдыгы каралды.

Анда ишкананын инженердик техникаларынын иш алып барууга даярдыгы, күйүүчү майлоочу майлар жана жылытуучу отун менен камсыз болушуна көңүл бурулуп, сапарын токтотууга мажбур болгон жарандарды кабыл алуу мүнкүнчүлүктөрү текшерилди.

Аталган жылытуу пунктунда жарандар жылуу төшөк, тамак аш менен камсыз болуп, бороон-чапкын жана кар көчкү түшкөн учурларда коопсуз орун ала тургандай мүнкүнчүлүк алат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу