Жаңылыктар

10.10.2023 09:40

   Кароолор: 1331

“КЫШКА ДАЯРДЫК” МАШЫГУУСУ АЯКТАДЫ

Республикадагы жылытуу системаларынын даярдыгы текшерилди

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан КР Министрлер Кабинетинин протоколунун негизинде республика боюнча калкка жылуулук берүү системаларынын иштөө абалын текшерүү максатында өткөн “Кышка даярдык” аталышындагы машыгуусу жыйынтыкталды.

25-сентябрдан 6-октябрга чейин өткөн машыгууда ӨКМдин тиешелүү кызматкерлери жана Жарандык коргонуу кызматтары "жогорку даярдыктагы" режимге өткөрүлүп, атайы түзүлгөн комиссия жер-жерлердеги оорукана, мектеп, бала-бакча, стратегиялык объекттердин жылытуу системаларынын, от казандарынын иштөө абалын текшерүүгө алышты. Айрыкча Билим берүү жана Саламаттыкты сактоо министрлигине караган объекттерде жылуулук берүүнү үзгүлтүккө учуратпоо маселеси машыгууну жыйынтыктоочу тегерек кеңешмесинде кеңири талкууланды. Анда адам өмүрү үчүн күрөшкөн дарыгерлердин ишине тоскоолдук жаратпай, ооруканаларда электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү үчүн жетиштүү көлөмдө генераторлор менен жабдуу, эскилиги жеткен отказандарды оңдоодон өткөрүү тапшырмасы коюлду.

Кышка даярдыкты толук камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын министрликтери, ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, жергиликтүү бийлик органдары белгиленген тартипте, 2023-жылдын октябрь айынын ичинде өз карамагындагы бардык объекттердин даярдыгын жогорулатуу, өз маалында сапаттуу жана жетиштүү көлөмдө көмүр менен камсыздоо, атайын ченемдерде белгиленген объектилерде альтернативдик энергия булагы менен камсыздоо тапшырмасы коюлду.

Ошондой эле кыш мезгилинде өзгөчө кырдаалдар катталган учурда, жергиликтүү калкты, социалдык объекттердин жылуулук системаларында авариялар катталган учурда аткарыла турган иш-чаралардын мерчемдерин иштеп чыгуу, товардык-материалдык баалуулуктардын корун түзүү талап кылынды.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу