Жаңылыктар
23.09.2023 15:20
Кароолор: 708
Кышка даярдык кандай? Жылытуу системалары текшерилип, машыгуу өтөт
Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кышка болгон даярдыкты текшерүү жана баалоо максатында бардык кызматтар менен жыйын өткөрдү. ӨКМдин борбордук аппартында өткөн жыйынга министрлик, ведомстволордун жогорудагы маселеге тиешелүү жетекчилери келип, ал эми облус, райондун жетекчилери онлайн байланышта катышты.
Жыйында Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде өлкө боюнча жылытуу системаларынын иштөө абалдары тыкыр көзөмөлгө алуу боюнча талкуу жүрдү. Анда келе жаткан кыш айында калкка жылуулукту үзгүлтүксүз берүү жана авариялык абалга алып келген өзгөчө кырдаалдын алдын алуу максатында 25-сентярбдан 6-октябрга чейин республикалык масштабдагы машыгуу өтөт.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев: “Ушул жылы январь айында аномалдуу сууктун кесепетинен катталган Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын жылуулук менен камсыздаган отканаларындагы авариядань улам бир шаардын калкына суу жана жылуулук берүү толук үзгүлтүккө учурап, 26 миң жергиликтүү калтын жашоо шартына бир топ залакасын тийгизди. Мамлекетибизди 49 миллион сомдон ашуун материалдык чыгымга алып келди” , - деп баса белгилеп, тиешелүү кызматтарды мүмкүн болушунча мындай авариянын болтурбоого, алдын алууга чакырды.
Ал ошондой эле кышка карата даярдыкты күчөтүүнү кароодо, жылытуу отканалары менен гана чектелбестен, республиканын аймагында жайгашкан бардык социалдык, административдик объекттердин, тактап айтканда: оорукана, мектеп, интернат, бала-бакча, карылар үйлөрү, балдар үйлөрү окуу жайлар, бейтапкана сыяктуу имараттардын даярдыктарын көзөмөлгө алуу зарыл экендигин белгиледи.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР