Жаңылыктар
21.11.2024 15:57
Кароолор: 156
КЫШ КАМЫН КӨРДҮҢҮЗБҮ?..
ЖАЛАЛ-АБАДДЫН АЙМАГЫНДА ОТ КАЗАНДАР КӨЗӨМӨЛГӨ АЛЫНУУДА
18-22-ноябрь күндөрү Жалал-Абад облусунун аймагында "Кышка даярдык" аталышындагы практикалык жана тактикалык машыгуу жүрүүдө.
Аталган машыгууга облустук Жарандык коргонуу башчысынын орун басары, подполковник Абдулнасир Закиров жана облустук Жарандык коргонуу кызматтары тартылып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан коюлган тапшырмаларды аткаруу көзөмөлгө алынууда.
Машыгуунун жүрүшүндө Майлуу-Суу шаарындагы №3 от казанда жарылуу болгондугу кабарланып, жараат алган жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, үзгүлтүкө учураган от казандар калыбына келтирилгендиги маалымдалды.
Мындан сырткары облус аймагындагы жылуулук берүүчү от казандар тыкыр көзөмөлдөнүп, аймактардагы айрым кемчиликтерди калыбына келтирүүнү Жарандык коргонуу башчысы тарабынан эскертүүлөр берилди.
Аталган машыгуунун негизги максаты – кыш мезгилинде калкты жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоого багыталат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР