Жаңылыктар
30.07.2024 18:18
Кароолор: 988
КЫРСЫКТЫН ЧЕК АРАСЫ ЖОК! КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН САУД АРАБИЯ ПАДЫШАЧЫЛЫГЫ ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР ЖААТЫНДА КЫЗМАТТАШАТ
Бүгүн Ала-Арча резиденциясында Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев баштаган куткаруучулар Сауд Арабия Падышачылыгынын Жарандык коргонуу директоратынын башкы директору генерал-майор Хаммуд Сулейман Альфарадж баштаган атайы делегацияны жылуу маанайда тосуп алып, эки тараптын расмий жолугушуусу өттү.
Жолугушууда тараптар дүйнө коомчулугунун көңүл борборунда туруп, климаттык өзгөрүүдөн улам келип чыккан апааттардын алдын алууда жана туруштук берүүдөгү максаттуу багыттар боюнча бир катар маселелерди талкууга алышты.
Министр Бообек Ажикеев Кыргызстан Сауд Арабия Падышачылыгы менен ар кыл багытта анын ичинде Жарандык коргонуу, табигый кырсыктарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында кызматташууга дайыма кызыктар жана даяр. Айрыкча эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун жаңы барагын ачууда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Сауд Арабияга болгон сапары өз жемишин берип жаткандыгын баса белгиледи.
Өз кезегинде Хаммуд Сулейман Альфарадж керемет жердин ээси болгон кыргыз элинин меймандостугуна, бир туугандык жылуу мамилесине суктанганын айтып, атайы чакырууну кубануу менен кабыл алгандыгын Сауд Арабия Падышачылыгы мындан ары да эки өлкөнүн ортосундагы ынак достукка негизделген кызматташуу бекемделерине ишеним артат деп билдирди.
Жолугушуунун алкагында 2019-жылы Эр-Рияд шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабия Падышачылыгынын Өкмөтүнүн ортосунда Жарандык коргонуу жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө кол коюлган Меморандумдун негизинде келечектүү кызматташуунун мындан аркы багытын аныктаган “Жол картасы” түзүлдү.
Ага ылайык , Сауд Арабия Падышачылыгынын окуу борборлорунда Кыргызстандын куткаруучу, өрт өчүрүүчү жана суучул кадрларын даярдоо,
адистердин тажрыйба алмашуусун туруктуу негизде уюштуруу,
биргелешкен окууларды жана машыгууларды өткөрүү, заманбап маалыматтык технологияларды, космостук сүрөттөрдү алмашуу менен биргелешип колдонуу, ири масштабдагы өзгөчө кырдаалдар боюнча статистикалык маалыматтарды берүү, өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучу же пайда болушу жөнүндө калкка маалымдоо жаатында тажрыйба алмашуу, Эл аралык жарандык коргонуу (МОГО) колдоосу менен Кыргызстанда уюштурулган тоо куткаруучулардын жана суучулдардын даярдыгы боюнча окутуу курстарына Сауд Арабиясынын куткаруучуларынын жана суучулдарынын катышуусу жана ӨКМдин техникалык потенциалын жогорулатуу жаатында колдоо көрсөтүү каралган .
Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташуу боюнча түзүлгөн жол картасына кол коюшту. Ошондой эле эки өлкө географиялык жактан алыс жайгашкандыгына карабастан жалпы тарых, жалпы дин, маданият, баалуулуктар жана баа жеткис достук байланыштар бириктирип тургандыгын ал эми акыркы кезде орун алып жаткан апааттар дүйнө элин бириктирип, кырсыктарга биргеликте туруштук берүү зарылдыгын белгилешти.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР