Жаңылыктар
18.02.2025 10:30
Кароолор: 164
КЫРСЫКТЫН АЛДЫН АЛУУДА САБАТТУУ БОЛ
ӨКМге караштуу Окуу-изилдөө борбору мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлерин Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу, кризисттик кырдаалдардан өзүн куткаруу, кырсыктардын алдын алуу боюнча окутууларды уюштурууну улантууда.
Бул жолу КР Социалдык фондунун, Бишкек шаардык мэриясынын Жылуулук электр борборунун, "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын кызматкерлерине, ошондой эле жеке жарандарга акы төлөп окуу мерчемине ылайык теориялык жана практикалык сабактар өткөрүлдү.
Анда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, материалдык чыгымдарды азайтуу, адам өлүмүнө жол бербөө тууралуу лекциялар окулуп, өрт чыккан учурда алгачкы өрт өчүргүч шаймандарды колдонуунун жолдору, жаракат алган адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүү, жараатты туура таңуу, жасалма дем алдыруунун ыкмадары жөнүндө кеңири айтылып, практика жүзүндө көрсөтүлдү. Окуунун аягында 23 адамга сертификат тапшырылды.
Белгилей кетсек, 72 сааттан турган бир курстук окутуу 11 күнгө созулат жана саатына 83 сом акы төлөнөт. Окутуунун жыйынтыгында тесттен өткөн катышуучуларга билимин тастыктаган сертификат тапшырылат. Ал эми өтпөй калгандарга кайра даярданууга бир жума убакыт берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР