Жаңылыктар
15.09.2023 17:53
Кароолор: 93
Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата Ош шаарында комплекстүү иш-чара өтүүдө
“5-октябрь — кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата өзгөчө кырдаалдарда өзүн-өзү сактоо ыкмалары жөнүндө билимин жана маалымдуулугун жогорулатуу боюнча комплекстүү иш-чаралар КР ӨКМ Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан уюштурулду.
Анда куткаруу кызматтарында жана өрт өчүрүү бөлүмдөрүндө жалпы билим берүүчү мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин окуучулары үчүн “Ачык эшик” күнү өткөрүлдү.
Иш-чаралардын жүрүшүндө жер титирөө убагында эвакуациялоо жана өрт өчүрүү убагында кандай аракеттерди жасоо керек, ошондой эле алгачкы медициналык жардамдын эрежелери, өрт өчүрүү шайманы менен тааныштыруу боюнча ачык сабак өткөрүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР