Жаңылыктар

13.09.2024 16:02

   Кароолор: 491

КЫРСЫКТАРДЫН ТОБОКЕЛДИГИН АЗАЙТУУ КҮНҮНӨ КАРАТА БОРБОР КАЛААДА МАШЫГУУЛАР ӨТҮҮДӨ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан борбор калаадагы окуу жайларда , мектептерде “5-октябрь – Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата жарыяланган 5-сентябрдан 5-октябрга чейинки бир айлыктын алкагында жүргөн машыгуулар өтүүдө.

Алсак башкармалыктын Свердлов районунун куткаруучулары Эл аралык Кувейт университетиндеги студенттерге өзгөчө кырдаал жана түрдүү кырсык учурунда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелерин, өрт өчүрүүчү каражаттарын колдонуу ыкмаларын иш жүзүндө көрсөтүштү.

Ошондой эле №4 мектеп гимназиясында 1200 окуучу жана 102 мугалим катышкан машыгууда өрт кырсыгынан эвакуациялоону үйрөтүштү.

Мындан сырткары Биринчи Май районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде жана 3 орто билим берүү мектебинде Жарандык коргонуу күну өткөрүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу