Жаңылыктар

09.10.2025 10:24

   Кароолор: 347

КЫРСЫКТАРДЫН ТОБОКЕЛДИГИН АЗАЙТУУ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

Борбор калаада жыл сайын 5-октябрда белгиленүүчү “Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата алтынчы илимий-практикалык конференция өтүп, анын жыйынтыгы чыгарылды.

Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов башында турган бул эл аралык иш-чарага Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве, Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин Экономика жана экология бөлүмүнүн башчысы Рати Джапаридзе жана ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Европа жана Борбор Азиядагы табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча башкармалыгынын аймактык кеңсесинин башчысы Наталья Алонсо катышты.

“Кыргызстанда кырсыктардын тобокелин азайтуу тутумуна эл аралык тажрыйбаларды бириктирүү менен аны турмушка ашыруу” темасы алкагында өткөн бул жыйында катышуучулар жана өнөктөштөр жаратылыш апааттарын азайтуу, өлкөнү туруктуу өнүктүрүү жана алдын алуу тутумун жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзүү сунушталды.

Азамат Мамбетов өз сөзүндө, табигый кырсыктардын тобокелин азайтуу мамлекеттик саясаттын жана туруктуу өнүгүүнүн негизги багытына айланып баратканын баса белгиледи. Анын айтымында, биз өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү менен гана чектелбестен, алардан келтирилген зыяндарды азайтууга болгон шарттарды түзүшүбүз керек.

“Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, кесепеттерди жоюуга жумшалган чыгымдарга караганда, алдын алууга жумшалган инвестиция кыйла натыйжалуу. Кырсыктын алдын алууга жумшалган ар бир сом ондогон эсеге үнөмдүү”, - деп белгиледи өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары.

Сөзүнүн аягында Азамат Мамбетов эл аралык уюмдарга, илимий мекемелерге, коомдук бирикмелерге, кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча жалпы ишке салым кошуп жаткандардын баарына ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Антье Граве айым өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча улуттук механизмдерди колдоо боюнча БУУнун ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди.

Конференциянын жыйынтыгында катышуучуларга жана өнөктөштөргө Кыргыз Республикасында табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу, туруктуу өнүктүрүү жана потенциалды жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзүү сунушталды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу