Жаңылыктар

11.10.2024 18:23

   Кароолор: 997

КЫРСЫКТАРДЫН ТОБОКЕЛДИГИН АЗАЙТУУ АЙЛЫГЫ V ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ МЕНЕН ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11-октябрда Бишкекте “Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу кырсыктардын коркунучун азайтуу” темасында V илимий-практикалык конференция өткөрдү.

Иш-чарага КР өзгөчө кырдаалдардын жана табигый-техногендик кырсыктардын алдын алуу боюнча тыгыз кызматташтыкта иш алып барган Европа коопсуздук келишим уюмунун (ЕККУ), БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ПРООН) жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

ӨК министри Бообек Ажикеев:

“Өзгөчө Кыргызстанда быйылкы 2024-жыл жаратылыш апааттары өтө көп санда катталган оор жыл болду, анын кесепетинен 22 адамдын өмүрү кыйылып, 2465 адамды эвакуацияладык. 84 социалдык объектини жана 5354 турак жайды сел суулары каптап, ошондой эле 135 автоунаанын, 80 көпүрөнүн кыйроосуна алып келди. Мындан улам келтирилген материалдык чыгым 1 млрд 255 млн сомдон ашты”, - деп белгилеп өттү.

БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу Координатору Антье Граве айым:

ӨКМ министрине ыраазычылык айтып, мындан ары да экологияны коргоого багытталган пландарды жана долбоорлорду чогуу жүзөөгө ашырууга даяр экенин билдирип, бүгүнкү конференция келечекке зор түрткү боло аларына ишеним артты.

ЕККУ жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү конференцияда көтөрүлгөн маселелерди кубатташып, Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда кандай абал болбосун шериктештик мамилелерди уланта берүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Иш-чаранын соңунда бир айлыктын алкагында жарыяланган аймактарда кырсыктардын тобокелдигин жоюу боюнча өз учурунда иш алып барып, ыкчам чара көргөн ӨКМдин облустардагы башкармалыктар арасындагы сынактын жыйынтыгы чыгарылды.

Ага ылайык I орунду Ысык-Көл, II орунду Жалал-Абад, ал эми III орунду Чүй облустук башкармалыктары камсыз кылып, жетекчилерине баалуу белектер ыйгарылды.

Министр оор кырдаалдарда элдин социалдык коопсуздугун калыбына келтирүүгө өзгөчө салым кошуп, милдеттерин так аткарган башкармалык башчыларына өз каалоолорун билдирип кетти.

ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу