Жаңылыктар

14.08.2024 22:02

   Кароолор: 1654

КЫРСЫКТАРДЫН АЛДЫН АЛУУДА КЫРГЫЗ-КАЗАК КЫЗМАТТАШТЫГЫ БЕКЕМДЕЛЕТ

Бүгүн Ысык-Көл облусунун Бостери айылында Кыргызстандын жана Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин VI биргелешкен коллегиясы өттү.

Кезектеги коллегия ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин жана казакстандык кесиптеши, генерал-майор Чингис Ариновдун төрагалыгында өттү.

Жолугушууда тараптар соңку мезгилдердеги климаттык өзгөрүүлөрдөн улам кылымга тете убакытта болуп көрбөгөн табигый кырсыктар орун алып жаткандыгына байланыштуу калкты жана аймактарды коргоого багытталган иш-аракеттерди күчөтүү боюнча маселелерди талкуулашты.

Өз кезегинде Казакстандын ӨК министри, генерал-майор Чингис Аринов ири сел кырсыгында биринчилерден болуп, биртуугандык сезим менен казак элине эки ирет гуманитардык жардам көрсөткөндүгү жана катуу сууктан улам кар күрткүдө калган жарандарды эвакуациялоодо кыргыз куткаруучуларынын жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Алтынча ирет өтүп жаткан коллегиянын жүрүшүндө тараптар кырсыктардын алдын алууда жана кесепеттерин жоюуда биргелешкен машыгууларды өткөрүү, тажрыйба алмашуу, материалдык-техникалык жактан колдоо көрсөтүү, трансчекаралык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал учурунда биргеликте кесепеттерин жоюу, Борбор Азия жер изилдөө институтунун изилдөөлөрүн колдонуу менен жаңы ыкмаларды киргизүү ж.б. бир катар маанилүү макулдашууларды камтыган протоколго кол коюшту.

Белгилей кетсек, эки өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин VII коллегиясы 2026-жылы Казакстанда өтөт.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу