Жаңылыктар
21.11.2024 14:49
Кароолор: 144
КЫРСЫКТА ЫКЧАМДЫК ЖАНА ТАЖРЫЙБА МААНИЛҮҮ!
Аскер кызматкерлеринин күчүн сынаган кезектеги аттестация өтүүдө
ӨКМдин түзүмдүк, аймактык жана ведомствого караштуу бөлүктөрүндөгү аскер кызматкерлери күжүрмөн даярдыгы боюнча аттестациядан өтүшүүдө.
Ага ылайык кызматкерлердин күжүрмөн даярдык деңгээли, аскердик тартиби, жалпы аскердик уставдардын талаптарынын аткарылышы, ыкчам жана мобилизациялык даярдыктары, билим деңгээли атайы түзүлгөн комиссия тарабынан бааланууда. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын окуу жылынын жыйынтыгы чыгарылууда.
Белгилей кетсек күтүүсүздөн катталган кырсыктарда куткаруучулардын күнү-түнү ыкчам аракет көрүүсү үчүн алардын физикалык жана билим деңгээли жогору, күчтүү болушу өтө зарыл. Бул эң ириде адам өмүрүн, материалдык чыгымдарды сактап калууга шарт түзөт. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жыл сайын аскер кызматкерлерин атайы аттестациядан өткөрүп келет. Аттестация ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө өтүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР