Жаңылыктар
16.03.2026 20:16
Кароолор: 21
КЫРСЫК УЧУРУНДАГЫ ЫКЧАМ АРАКЕТ: ӨКМдин БАШКЫ ЫКЧАМ БАШКАРМАЛЫГЫ КАНДАЙ ИШТЕЙТ?
Өлкө аймагында өзгөчө кырдаалдар учурунда, сел жүргөндө, кар жана жер көчкүдө, таш куласа же болбосо жер титирөөдө калкка жардам берүүгө куткаруучулар келет.
Мындай жардамдардын аткарылышына чечимдерди даярдап координациялаган негизги башкармалык – ӨКМдин Башкы ыкчам башкармалыгы.
Дал ушул адистер күнү-түнү кырдаалды көзөмөлдөп, чечим кабыл алып тартылган күч-каражаттарын адам өмүрүн мүнөт сайын эсептеген жерлерге багытташат. Ошол эле учурда кызматкерлер өзгөчө кырдаалдар коркунучунда калктын жүрүм-турум эрежелерине үйрөтүүгө аймактарга чыгышат.
Башкы ыкчам башкармалык мүмкүн болгон чакырыктарга канчалык деңгээлде даяр?
Куткаруучулардын аракеттерин ким координациялап, жарандардын коопсуздугу үчүн ким жооп берет? Бул тууралуу кененирээк биздин репортажда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР