Жаңылыктар

01.12.2023 15:50

   Кароолор: 282

КЫРГЫЗ–ТҮРК "АНАДОЛУ" КЫЗДАР ЛИЦЕЙИНДЕ ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРДЫН АЛДЫН АЛУУ САБАГЫ ӨТТҮ

Бүгүн, ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Ленин районунун кызматкерлери Кыргыз–Түрк "Анадолу" кыздар кесиптик лицейинин окуучуларына жана кызматкерлерине атайын нускамаларды өткөрүштү.

Нускаманын жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдар боюнча жалпы түшүнүк, катталган учурда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери тууралуу маалымат берилип, алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттары менен колдонуу эрежелери үйрөтүлдү.

Ошондой эле ӨК бөлүмүнүн кызматкерлери окуучулардын суроолоруна жооп беришип, талкуу жүрдү.

Жалпы иш-чарага 200 жаран катышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу