Жаңылыктар
05.08.2026 18:00
Кароолор: 29
КЫРГЫЗСТАНГА 13 ӨЛКӨНҮН СУУЧУЛДАРЫ КЕЛИШТИ
13 өлкөнүн суучулдары 12 күн бою Ысык-Көл облусунун Суучулдар борборунда кесиптик билимин арттырып, машыгышат.
Бүгүн, 5-август күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Эл аралык Жарандык коргонуу уюмуна мүчө-өлкөлөрүнөн келген 13 суучулдун башын бириктирген кезектеги XIII Эл аралык тренингдин ачылышы болду.
Тренингдин расмий ачылышында ӨК министринин биринчи орун басары Акылбек Мазарипов дүйнөнүн ар бурчунан келген суучулдар менен жакындан таанышып, алдыда өтүүчү теориялык жана практикалык машыгууларга ийгиликтерди каалады. Жаратылышы кооз, Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдө тажрыйба алмашуу жана квалификацияларын жогорулатуу үчүн маанилүү аянтчага мүмкүнчүлүк алгандары менен куттуктады.
Бул 12 күндүк окутуунун максаты - суучулдардын кесиптик билимдерин арттыруу, жаңы багытта тажрыйба алмашуу жана ЭЖКУга мүчө-мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн ортосундагы “Суучулдар иши” жаатында туруктуу байланышты бекемдөө болуп саналат.
Тренингдин соңунда чет мамлекеттен келген суучулдарга сертификат жана ЭЖКУнун XXII Башкы Ассамблеясынын чечими менен бекитилген «Жеке суучулдун китеби» берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ