Жаңылыктар
07.02.2025 19:02
Кароолор: 226
КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮГҮНДӨ ЖЕР ТИТИРЕДИ
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 18:50дө Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жердин силкинүүсү Ош облусунун Өзгөн районундагы Ара-Көл айылында 2 баллга (Макмал айылынан 17 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР