Жаңылыктар
13.01.2025 09:10
Кароолор: 1026
КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮГҮНДӨ ЖЕР ТИТИРЕДИ
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 12-январь түнү саат 23:36да Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.
Силкинүү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жийде, Чангет айылдарында 3 баллга, Ак-Терек айылында 2,5 баллга, Токтогул районунун Ничке-Сай айылында 2,5 баллга, Ош облусунун Өзгөн районунун Кыргызстан, Калта айылдарында 3 баллга (Кыргызстан айылынан 3 чакырым түштүк батышта, Калта айылынан 5 чакырым түндүктө, Чангет айылынан 5 чакырым түштүк чыгышта, Ничке-Сай айылынан 7 чакырым түндүк батышка) чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР