Жаңылыктар
25.03.2025 20:18
Кароолор: 852
КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮГҮНДӨ 4 БАЛЛ ЖЕР ТИТИРЕДИ
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 25-мартта саат 20:00дө Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасы чектешкен аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.
Силкинүү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айылында 4 балл, Кочкор-Ата шаарында, Момбеков, Курулуш, Сакалды айылдарында 3,5 балл, Шамалды-Сай шаарында, Масы, Кара-Булак, Кызыл-Туу айылдарында, Майлуу-Суу шаарында жана Базар-Коргон районунун Базар-Коргон, Совет айылдарында 3 баллга (Бүргөндү айылынан 4 чакырым түштүк-батышка, Момбеков айылынан 12 чакырым түшүк-батышка, Кочкор-Ата шаарынан 18 чакырым түштүк-батышка, Шамалды-Сай шаарынан 20 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР